Жогорку Кеңеш «Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар» жөнүндө мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-июлдагы жыйындын жүрүшүндө «Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар» жөнүндө мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына 81 депутат 1, 2 жана 3 окууда добуш берди, 2 депутат каршы болду.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикадагы өзгөчө кырдаал режим баанын кескин өсүшү жана жакырчылыктын деңгээли менен киргизилет деп түшүндүргөн.