Жогорку Кеңеш «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

29-июлда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды. 

Долбоорго 80 депутат «макул», 9 депутат «каршы» добуш берди.

Чоң сындын айынан 22-июлда мыйзам долбоорлору күн тартибинен алынып салынып, депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышуусун талап кылышкан. Депутаттардын көпчүлүгү мыйзам долбоорлору чийки жана туура эмес даярдалгандыгын айтышкан.

Депутаттар төмөнкү пункттарга каршы болушкан: 

— министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө кол тийбестик берилет;

— министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтык турак жай менен камсыз болушат;

— эгер ЖКнын макулдугу жок болсо, президент өзүнүн чечими менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүн бекитүүгө мүмкүнчүлүгү бар;

— президент аткаруу бийлигин жүзөгө ашырууга укуктуу [депутаттардын пикири боюнча, ал укугу эмес, милдеттүү];

— Министрлер Кабинетинин төрагасы парламенттин кезексиз сессиясын чакыра алат.