Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин маалыматын угууда

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Министрлер кабинетинин күнү» орун алып, ыш менен байланышкан экологиялык абал, коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүшү, тигүү тармагын колдоо чаралары, курулуш тармагындагы баалардын жогорулашы, ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө карата баа түзүү сыяктуу маселелер талкууланууда.

Алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев аталган маселелер боюнча кыскача баяндама жасап, айрым көрсөткүчтөргө токтолду.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө акысын алып салуу боюнча Министрлер кабинетинин чечимин жокко чыгарууну сунуштап, бул чара тескерисинче баалардын өсүшүнө алып келгенин билдирди. Депутат Чолпон Эсенаманова Кара-Балта шаарындагы ыш көйгөйү, аймакка таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу, ошондой эле Жайыл, Панфилов, Талас райондорун жана Кайыңды шаарын газдаштыруу сыяктуу маселелерди көтөрдү. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков дагы ышты азайтуу, чет жактан келип жаткан тамак-аш азыктарынын сапатын жана курулуш тармагындагы бааларды көзөмөлдөө зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу айрым жагдайларды тактап, жаңы конуштарды газдаштыруунун маанилүлүгүн белгиледи. Депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы айылдарга жана калктуу конуштарга газ жеткирүү маселесин ортого салды. Депутаттар Жанарбек Акаев менен Азамат Исираилов Ош шаарындагы үйлөрдү жана шаарга жакын конуштарды газ менен камсыздоо зарылдыгын билдиришти.

Депутат Марлен Маматалиев дагы Бишкектин Биринчи май районундагы жаңы конуштарды газдаштыруу маселесине токтолду. Эл өкүлү ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүүнү жана чет элдик номерлүү автоунааларды мыйзамдаштырууга дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жооп берип, мындай автоунааларды легалдаштыруу өнөктүгүн кайрадан өткөрүү планда жок экендигин белгиледи.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев тигүү тармагындагы учурдагы кырдаал Министрлер кабинети тарабынан натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтүп турганын билдирди. Депутат Жаныбек Абиров 2025-жылы газдаштырылган калктуу конуштардын санын тактап, Бишкектин Ленин районундагы жаңы конуштарды газдаштыруу маселесине көңүл бурду. Депутат Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун башкы планы жана өлкөдөгү курулуп бүткөн объектилерди пайдаланууга берүү мөөнөттөрү тууралуу маселелерге токтолду. Депутат Болотбек Борбиев өлкөнүн ири шаарларындагы унаа тыгындары тууралуу сөз кылып, көйгөйдү чечүүнүн натыйжалуу жолдорун издөөгө чакырды. Депутат Алишер Козуев Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн тактап, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө таасир эткен факторлорго кызыкты.

Депутат Жылдыз Садырбаева эпидемиологиялык фонддун каражаттары жана турак жайга болгон бааларды төмөндөтүү чаралары тууралуу кеп кылды. Депутат Медербек Алиев дагы өлкөдөгү кыймылсыз мүлктүн баасына көңүл буруп, өзгөчө ижара акыларынын кымбатташы студенттерге оорчулук жаратып жатканын белгиледи. Депутат Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов райондорунда курулуп жаткан социалдык объектилер боюнча суроо узатып, Кара-Балта шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлеринин баасына байланышкан жагдайларды тактады. Депутат Медина Кайрылбекова Талас шаарындагы кургак учук ооруканасын көчүрүп, аймакка таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду куруу керектигин билдирди.

Ата-мекендик өндүрүштү колдоого чакырган депутат Курманкул Зулушев тигүү тармагы туш болгон маселелерге көңүл бурду. Депутат Камила Талиева оорулардын статистикасы, ыштын калктын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу сөз кылып, тобокелдиктерди азайтууга багытталган профилактикалык иш-чараларды өз убагында өткөрүү керектигин белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле катуу отундун сапаты жана коопсуздугу, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын көзөмөлдөө жана төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга да кызыкты.

Аталган жыйын «суроо-жооп» форматында өтүүдө. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев баштаган Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү жооп берип жатат.