Жогорку Кеңеш сөз эркиндигин чектөө менен бирге депутаттын агрессивдүү аракетин колдоду

Бүгүн, 18-майда SuperTV телеканалынын журналистине журналисттик милдетин аткаруу үчүн Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынды. Ошол эле учурда журналистке эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчилигинин бул аракеттери сөз эркиндигин чектөө болуп саналат жана Баш мыйзамыбызда көрсөтүлгөн жарандардын маалымат алуу укугун тепселейт.

Эске салсак, буга чейин 11-майда Жогорку Кеңештин имаратында депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын журналистине орой мамиле кылынып, адамдык аброюна шек келтирилген. Андан сырткары, депутат тарабынан журналистке коркутуу жана физикалык басым орун алган. Ошол күндөгү окуя боюнча айтсак, журналист сюжет даярдап жатып, ашканада отурган депутаттарга сураныч иретинде кайрылган. Ал суранычына жөн гана “ооба” же “жок” деген жоопту айтуунун ордуна депутат Нарматова тарабынан журналистке жогоруда айтылган агрессивдүү аракеттер орун алган.

SuperTV телеканалы депутат Нарматова жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кечирим сурабаса, сотко кайрыларын эскертет.

SuperTV телеканалы жалпыга маалымдоо каражаттарынан медиа колдоо көрсөтүүнү суранат.