Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды.
Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.
Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.