Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Абдугапаров Авазбек Абибулаевич «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болду.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 20-августта тиешелүү токтом чыгарып, Абдугапаровго күбөлүк жана төш белги тапшырды. Ал Жогорку Кеңешке «Кыргыз алтындын» жетекчиси болуп дайындалган Үмбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.