Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кылычбаев Алтынбек Таировичти №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өттү.

26-сентябрда БШКнын №150 токтому менен №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы аныкталды. Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.