Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Бүгүн, 26-апрелде БШК Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын бош депутаттык мандатын Бакиров Мамасадык Сабировичке өткөрүп берди.

БШКнын токтому менен Бакировго Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.

Ал өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Бакчиевдин ордуна келди.