Жогорку Кеңешке кимдер депутат болот? БШК бекиткендердин тизмеси

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 7-декабрдагы жыйынында 12 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти.

Алар: №29, №5, №30, №11, №20, №15, №27, №2, №28, №10, №22, №24 шайлоо округдары.

№2 Шайлоо округунан:
Ырысбек Атажанов;
Бактыяр Калпаев;
Бурун Аманова.

№5 Шайлоо округунан:
Эльдар Сулайманов;
Азамат Исираилов;
Айгүл Ахмедова.

№10 Шайлоо округунан:
Курманкул Зулушев;
Сүйүнбек Өмүрзаков;
Гүлнара Баатырова.

№11 Шайлоо округунан:
Шаирбек Ташиев;
Алтынбек Кылычбаев;
Венера Салямова.

№15 Шайлоо округунан:
Нурланбек Тургунбек уулу;
Азизбек Турсунбаев;
Айсаракан Абдибаева.

№20 Шайлоо округу
Темирлан Айтиев;
Сеидбек Атамбаев;
Токтобүбү Ашымбаева.

№22 Шайлоо округу
Дастан Бекешев;
Болот Ибрагимов;
Гуля Кожокулова.
 
№24 Шайлоо округу
Жумабек Салымбеков;
Карыбек уулу Улукбек;
Гүлнара Акимбаева.

№27 Шайлоо округу
Акылбек Түмөнбаев;
Гүлкан Молдобекова;
Табылды Муратбеков.

№28 Шайлоо округу
Эрулан Кокулов;
Болот Сагынаев;
Рахат Жунушбаева.

№29 Шайлоо округу
Нурбек Сыдыгалиев;
Адилет Белеков;
Гүлсүнкан Жунушалиева.

№30 Шайлоо округу
Кубанычбек Самаков;
Улан Бакасов;
Жылдыз Таалайбек кызы.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 16-шайлоо округунун добуш берүү жыйынтыгы да таанылган жана бекитилген депутаттар:

Дастанбек Жумабеков;
Медер Чотонов;
Медина Кайрылбекова.

Ал эми 13-округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деп БШК жыйынтыкты жокко чыгарып, кайрадан шайлоо дайындаларын билдирген. Ошондой эле БШК шайланган депутаттарга мурда ээлеген кызматтарын тапшырууга 3 күн убакыт берди.