Жогорку Кеңешке президент келди. Бир нече министр ант берди

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келди.

Жыйында министр болуп дайындалгандардын ант берүү аземи өтүп жатат.

Алар:

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев. 

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов. 

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева.

Илим министри Бактияр Орозов.

Коргоо министри Руслан Муканбетов.