Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди.
Жыйынды депутат Гүлай Машрапова ачып, VIII чакырылыштын 1-сессиясы ишин баштаганын айтты.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 87 мандат бөлүштүрүлгөнүн, алардын 58и эркек, 29у аял кишилер экенин билдирди. №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо өтүп, 3 депутат шайланат.








