Жогорку Кеңеште милициядагы кыз-келиндерге жоолук салууга уруксат берүү сунушталды

«Конституциядагы дин тутуу эркиндигинде аялдар чач, моюндарын жаап жүрүүгө милдеттүү. Дин карманган аялдар деле көп, алардын арасында ишке бара албай калгандары болушу мүмкүн», — деди эл өкүлү.

Депутаттын сунушуна Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов: «Ички иштер кызматы мамлекеттик атайын орган, Баш мыйзамда да жазылган, атайын кызматтарга чектөөлөр бар. Анын бири дресс кодду сактоо», — деп жооп берди.