Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатышабы? Расмий жооп

Социалдык тармактарда «7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатыптыр» деген кептер жазылууда. Бул маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова менен байланышты.

Анын айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт. «Алар депутат болгондо атайын комиссия түзүлөт. Ошол комиссия кабинеттерди бөлүштүрөт. Депутаттардын арасынан эле комитет башчылары шайланат да. Бул комиссия ошолорду да эске алат», — деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Ибрагим Нуракун уулу өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу кабинет жана жыйындар залдан орун тандоо боюнча кеңеш берди. «Урматтуулар, кийинки беш жыл бою олтуруп иштей турган жериңиздерди азыртадан камдап койгонуңуздар эң туура иш. Бирок менин журналист катары байкаганым, кабинетке караганда жыйындар залындагы орундар да өтө маанилүү. Колдон келсе, микрофонго жакын жердеги креслону тандаңыздар. Айрыкча процедуралык маселелер боюнча же башка маанилүү талкууларда чыга калып сүйлөп турууга абдан ыңгайлуу болот. Залдагы телекамералар дагы ошол микрофондун тегерегиндеги орундарды көп көрсөтөт. Сүйлөбөсөңүз деле таанымал депутат болуп калса болот. Кабинетти эгер иштеген депутат болсоңуз, күн тийген жагынан алыңыз. Эртеден кечке күндүн нурун көрбөй иштөө өтө кыйын. Эгер келип-кетме депутат болсоңуз, көлөкө жагы жакшы. Жайкысын ысып келгенде салкын кабинетте олтуруп алып чай ичкенден өткөн ырахат жок. Ал эми кабинеттин чоң же кичинекей болгону, жайгашкан кабаты депутаттык ишке анча деле таасир этпейт. Мисалы, «легендарлуу» 6-чакырылыштын депутаттары Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Алтынай Өмүрбекова, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев — мен билгенден дүйнөдөгү эң тар кабинеттерде олтурушчу. Бирок бул алардын таанымал депутат болушуна эч тоскоолдук кылган жок. Мисалы, бир жолу депутат Нурбаев таза аба долбоору боюнча талкууну өзүнүн кабинети тар болуп калып, менин тар, бирок аныкынан бир метрге кенен кабинетимде өткөргөнү эсимде. Ошондон улам, кабинет канчалык тар болсо, иш ошончолук ийгиликтүү болот экен деп ойлоно берем», — деп жазды ал.