Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын сессиясын ача турган депутат №512 кабинетке жайгашты

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарынын сессиясын биринчи жолу аял киши – Шарапаткан Мажитова («Ынтымак») ачат, анткени ал жетинчи чакырылыштагы парламенттин эң улуу депутаты.

22-декабрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Жылдыз Мусабекова социалдык тармактагы баракчасына Мажитованын №512 кабинетине көчүп жатканын билдирди. 

Буга чейин комиссия түзүлгөндөн кийин парламенттин жаңы депутаттарына кабинеттер бөлүштүрүлөөрү айтылган. Мажитова спикер шайланганга чейин парламенттин жыйындарына модераторлук кылат. БШК жетинчи чакырылыштын депутаттарын каттай элек. Аларды каттоо токтотулган.