Жогорку Кеңештин айрым депутаттары абактарга барды (сүрөт)

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы жабык жайлардагы абал менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматына караштуу бир катар түзөтүү мекемелерин кыдырды.

Жусупбек Коргонбай уулу баштаган убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү алгач өлкөдөгү эң чоң абак жайларынын бири саналган Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемесинде болду. Аталган жайда азыркы тапта 730 адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Депутаттык комиссия аталган жайдын абалы менен таанышып, анда кармалгандардын арыз-муңун укту. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын айрымдары соттордун адилетсиздигинен улам мыйзамсыз камакка алынганын билдиришти.

Депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу комиссиянын негизги максаты мыйзамсыз отургандарга көмөк көрсөтүү, ошол эле учурда өзгөчө оор кылмыштарды кылып, бирок айрым соттордун коррупциялык аракеттеринен улам мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып кеткендерди аныктоо экенин билдирди. “Албетте, бул жерде отурандардын баары күнөөсүз деп айта албайбыз. Кылмыш кылгандар мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек. Ошол эле учурда соттордун акыйкатсыздыгынан улам ак жеринен отурандар да бар экени коомчулукта көп айтылат. Биз аларга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл. Эч ким мыйзамсыз эркинен ажыратылбашы керек”, – деди.

Андан соң, Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын иши №50 өзгөчө режимдеги жаза аткаруу жайында уланды. Комиссия мүчөлөрү өзгөчө оор кылмыштарга шектелип камерада жаткан кылмышкерлерди кармоо шарттары менен таанышты. Муну менен катар кармоо жайынын жетекчилери жана кызматкерлери менен пикир алышты.

Ошондой эле депутат Жусупбек Коргонбай уулу баштаган комиссия өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемеде болушту. 309 жаран кармалып турган жайдагы түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өмүр бою кесилгендер менен сүйлөшүп, пикирлерин укту.