Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ысык-Көлдүн пансионаттарына көзү түшүүдө. Бул тууралуу Кыргыз курорттук туризм департаментинин башчысы Чынара Токобаева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакунов кызматкерлерди документтерге мыйзамсыз кол коюуга мажбур кылган.
«Чолпон-Ата шаарында мурун жакшы иштеп келген пансионатты банкроттукка даярдап, кийин менчиктештирүүгө аракеттер жүрүп жаткандыгын байкадым. Айрым депутаттар санаторийлерге көз артышууда. Аларды менчикке өткөрүп алышса, карапайым эл кайда эс алат? Ушул сыяктуу иштерден улам биздин федерацияда башаламандык болуп жатат», — деди ал.
«Ат-башылык апалар кыйын болот!» деген видео көпчүлүктүн жылмаюусун жаратууда
"Ат-башылык апалар кыйын болот!" деген видео соцтармакта жарыяланып, ал көпчүлүктүн жылмаюусун жаратууда. А сиз бул видеого кандай комментарий берет элеңиз?...