Депутат Акылбек Түмөнбаев кесиптештерине Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн эки күндүк эмгек акысын бирдиктүү депозиттик эсепке которууну сунуштады.
9-февралдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында парламенттин жыйынында каражат которуу чечими кабыл алынды.