Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга кетишти

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары ишин жыйынтыктап, эс алууга кетишти.

Бүгүн парламент 30дай мыйзам долбоорун карады, ал тургай күн тартибинен мурда алып салынган мыйзам долбоорлорун карашты. 

Жыйын гимндин аткарылышы менен аяктады. Кийинки сессия бир айдан кийин, 1-сентябрда башталат.