Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов сурактан чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов сурактан чыкты. Ал буга чейин суракка чакырылууга президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылуу себеп болушу мүмкүн деген. Ошондой эле, сурактан депутат Бакыт Жетигенов да чыкканы маалым болду.

Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.