Кечээ, 9-сентябрда Кыргыз эл артисти Сыймык Бейшекеев Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда туулган күнүнө арналган концерт берди.
Концертте Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Бейшекеев менен чогуу аккордеонду колго алып, Асанкалый Керимбаевдин «Көл баяны» аттуу ырын ырдашты.