Жогорку Кеңештин маалымат катчысы: «Конституциянын жаңы долбоору ЖКнын сайтына жайгаштырылат»

Жогорку Кеңештин пресс-катчысы Индира Куралбекова баш мыйзамдын жаңы долбоору сайтка жайгаштырыларын билдирди.

Анын айтымында, жаңы долбоор менен бир нече мүнөттөрдөн кийин ЖКнын сайтынан таанышууга болот.

“Конституциялык кеңешменин иштеп чыккан долбоору мен жетектенген бөлүмгө азыр эле келип түштү. Сайтка жайгаштыруу үчүн окуп таанышып атам. Бир канча мүнөттөрдө kenesh.kg сайтынан таанышсаңыздар болот. Ар бир жаран долбоор менен таанышып чыгуу укугуна ээ. Биз ачык парламент үчүн”,- деп жазды ал.