Экс-депутат Гүласал Садырбаева 71 жашында каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласал Садырбаева каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мурдагы депутат Ыргал Кадыралиева ырастады. 

Анын айтымында, жүрөгүнүн согушу токтоп калган жана сөөгүн Ноокенге алып кетишти. Эртең, 1-мартта жерге берилери айтылды.

Гүласал Садырбаева 1952-жылы 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Шайдан айылында туулган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.