Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов акыркы сапарга узатылды

АКИПРЕСС

Бүгүн, 15-июлда Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинин катчысынын орун басары болуп эмгек жолун баштаган. 2006-2007-жылдары «Реформалар үчүн», «Бириккен фронт» коомдук кыймылдарынын координатору жана активдүү катышуучусу, ал эми 2008-2010-жылдары саясый эмигрант катары АКШда жашаган.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. «Депутаттык азилдер» аттуу саясый сатиралардын жыйнагынын автору. 2010-жылдын октябрь айында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.