Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Чоробек Байгазаков көз жумду

Легендарлуу парламенттин депутаты Чоробек Байгазаков 76 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Чоробек Байгазаков 1946-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган.

Маркум 1964-жылы Финансы-экономикалык техникумду аяктап, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылы Ат-Башы районундагы Киров атындагы колхоздо башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтер болуп иштөө менен баштаган. 1969-жылы Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында текшерүү тобун жетектеп, 1971-1974-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 1974-1981-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоздо башкы экономист, 1983-1992-жылдары «Живпром» мамлекеттик мал чарба комплексинде жана Баш-Кайыңды совхозунда башкы экономист, директордун орун басары жана директорлук кызматтарды аркалаган. 1992-1995-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп, 1995-2000-жылдары Ат-Башы токой чарбасынын директору, Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы болгон.

Чоробек Байгазаков бир канча жолу айылдык жана райондук кеңештердин депутаты, 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.