Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Акыйкатчынын баяндамасы угулду

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Акыйкатчынын баяндамасы угулду. Маселе боюнча Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маалымат берди.
Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу сөз кылып, бул багытта Акыйкатчы тиешелүү иштерди жүргүзүшү керектигин баса белгиледи. Эл өкүлү соттолгон аялдарды төрөт үйүндө кайтаруу учурунда конвойдун курамына аял кызматкерлерди кошуу зарылдыгын кошумчалады. Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев Акыйкатчынын 2023-жылдагы маалыматына көңүл буруп, укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу кайрылуулар жана даттануулар 51%ды түзгөнүн белгиледи. Эл өкүлү пробацияны колдонууда өлкөдөн чыгууга чектөө киргизүү керек деген пикирин билдирди.
Депутат Дастанбек Жумабеков «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзамдын макамы тууралуу маселени ортого салса, депутат Жанарбек Акаев балдардын жана аялдардын, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында бир катар сунуштарын берип, расмий жолугушууларга балдардын катышуусуна чектөө киргизүүгө чакырды. Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова Акыйкатчынын баяндамасына көңүл буруп, анда кайрылуулардын жана даттануулардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын иши боюнча түшүп жатканын, бул маселени прокуратура көзөмөлгө алышы керектигин айтты.
Жыйынтыгында «2023-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын баяндамасы эске алынды.