Жогорку Кеңештин төрагасы 14 балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу үй-бүлөсүнүн атынан өз каражатына 14 балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды.

Өлкөбүздүн башкы байлыгы эл экенин белгилеген төрага: “Азыркы тапта калкыбыздын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болууда. Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүбүз кажет. Себеби, биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ”, – деди.

Ошондой эле балдар бир ата-эненин гана эмес, жалпы мамлекеттин келечеги экенин баса белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалады.