Жогорку Кеңештин төрагасы дарыгерлердин айлыгы качан жогорулай турганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районунда жайгашкан авариялык абалдагы медициналык жайлардын абалы менен таанышты.

“Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деген төрага медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелерин жаңыртуу иши да унутта калбай тургандыгын айткан Нурланбек Тургунбек уулу өзү көрүп чыккан медициналык жайлардын абалы өтө начар экенин билдирип, коштоп жүргөн тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы имараттарды куруу тапшырмасын койду.