Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант беришет

Эртең, 29-декабрда Ак Үйдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдар боюнча шайланган 33 депутатты каттады. Бирдиктүү округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды, бирок партиялык тизме боюнча 54 депутатты каттай элек.