Жогорку окуу жайлардагы кадимки окуу процесси февралда башталат

Өлкөдөгү жогорку окуу жайларда жана колледждерде учурда сессия жүрүп жатат, февраль айынын башынан же ортосунан жазгы семестр кадимки тартипте окуу менен башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Жогорку окуу жайлар жана колледждердеги окуу процесси экинчи жарым жылдыкта аралаш форматта өтөт, айрымдар онлайн, калганы офлайн режимде билим алышат. Колледждер, кесиптик лицейлердин бардык багыттары боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери, медициналык ЖОЖдордун студенттери, ошондой эле магистранттар окуу жайдын имаратына келип билим алышат», — деди министрдин орун басары.

Өмүров студенттер окуу жайга аптасына 2-3 жолу эле барып, практикалык жана лабораториялык сабактарына катыша турганын белгиледи. Лекциялык сабактар онлайн өтөт. Окуу тартиби ар бир ЖОЖдо студенттердин санына жараша ар кандай жүрө турганы да айтылды.