Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүү графиги

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтө тургандыгын билдирет.
I тур – 15–20-июль
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 15-17-июль,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00,
3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин;
II тур – 22–27-июль
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 22-24-июль,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 24-июль саат 14:00,
3) окууга кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 25-июль саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 25-27-июль саат 16:00гө чейин.
III тур – 29-июлдан 3-августка чейин
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 29-31-июль,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 31-июль саат 14:00,
3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 1-август саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 1- 3-август саат 16:00гө чейин.
IV тур – 5–10-август
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 5-7-август,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 7-август саат 14:00,
3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 8-август саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 8- 10-август саат 16:00гө чейин.
V тур – 12–17-август
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 12-14-август,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо — 14-август саат 14:00гө чейин,
3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 15-август саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 15 — 17-август саат 16:00гө чейин.