Жогорку Сот Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды

Экс-спикер Ахматбек Келдибековго карата чыккан буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. Маалыматка караганда, анын иштери Биринчи Май райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.

«Жогорку Соттун 18-августундагы чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы өкүмдөрү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмдөрү, ошондой эле Келдибековго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылды. Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылды. Кылмыш иши жаңы кароого Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.