Жогорку Сот «Азаттык» партиясынын чечимин канааттандырган жок

Жогорку Сот айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдорун жокко чыгаруу боюнча кайрылган «Азаттык» партиясынын арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча соттук кароо кечээ, 27-декабрда болгон. Жогорку Сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.