Жогорку Сот Медербек Саккараевге депутаттык мандатты кайтарды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Сот Медербек Саккараевдин кассациялык даттануусун карап, жыйынтыгында Бишкек шаарынын административдик сотунун 21-декабрдагы чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул сот актысы мыйзамсыз деп табылып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 18-декабрдагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө” токтому жокко чыгарылды. 

БШК Чүй-Кемин округунун №31 округу боюнча Медербек Саккараевди Казакстандын жарандыгы бар экенин көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу каттоодон баш тарткан. Кийинчерээк Казакстандын элчилиги Саккараевдин Казакстан Республикасынын жараны катары тизмеде жок экенин белгилеген.