Жогорку Соттон судьялардын маянасы министрлик көрсөткөн суммадан бир топ алыс экенин билдиришти

Жогорку Соттон Финансы министрлигинин соттордун маянасы 160 миң сомго чейин жогорулаганы тууралуу маалыматына комментарий таратышты.

Жогорку Соттун маалыматына ылайык, судьялардын айлыгы жогорулаган соң, алардын маянасы инстанцияларына жараша 40 миңден 51 миң сомго чейин түзүп калган. Маянага тажрыйбасына, квалификациялык классына, класстык чинине ылайык кошуп эсептелет. «Бүгүнкү күнгө карата айлык министрлик көрсөткөн суммадан алыс. Маалыматты ачык булактардан көрүүгө болот», — деп жазылат маалыматта.