Жогорку Соттун төрагасы кармалган судьялар боюнча: «Муну билчүбүз, эскерткенбиз»

“Кармалганы факт, муну билчүбүз, эскерткенбиз. Ошого карабай соттордун арасынан кармалышты. Биз тергөө ишине кийлигишпейбиз, тескерисинче, колдоо көрсөтүп жатабыз”, — деди Замирбек Базарбеков.

Өткөн аптада УКМК Бишкек шаардык сотунун жана Ленин райондук сотунун судьяларын пара алууга шектеп кармаган.