ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун II туру башталды

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекиткен.

Ага ылайык, тандоо төрт турда өткөрүлөт. Биринчи тур 17-июлда башталып, 19-июлда бүткөн. Ал эми 2-тур бүгүн, 24-июлда башталып, 26-июлга чейин уланат.