ЖОЖго кабыл алуунун 2-туру башталды

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталгандыгын маалымдады.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 8-январда башталып, 10-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.