«Жок» деп айта алган жокмун». УКМК баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдап, видео менен бөлүштү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдө синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады. Азыркы учурда комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө 25 жашка чейинкилер арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

«Ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат. Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда төмөнкү анонимдүү ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот: 118», — дешти.