Бишкектин Чүй проспектисиндеги Old Bishkek комплекси курулуп жаткан жол (Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн аралыгы) 1 метрге кеңейгенин Нариман Түлеев билдирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жазды.
“Мурда, туурасы 15 метрлик жол 16 метрге кеңейтилип, 2 тилке кошулду. Мурдагы 4 тилкеден 6 тилкелүү жолго айланды. Биз жолду тарыткан жокпуз, тескерисинче кеңейттик. Атайын автобустар токтой турган чөнтөкчөлөр да жасалды. Шопоков көчөсү тарабында 300дөн ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот. Дагы 2 ай убакыт бергиле, мен долбоорду аягына чыгарайын. Эгерде, ошондо Түлеев начар жасады дешсе, кайра жасап берүүгө даярмын”, — деген Түлеев.
Бишкектин экс-мэри аталган долбоорду шаардык кеңеште коргоп, бекиттиргенин кошумчалаган. Анын айтымында, баштапкы долбоор кандай көрсөтүлсө, дал ошондой бүтөт.