«Автобус 15, кичи автобус 21 сом». Жол акыны көтөрүү боюнча документ коомдук талкууга коюлду

Бишкек мэриясы жол кире акысын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңештин кароосуна киргизди. Документ коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде белгиленгендей, долбоордун максаты жана милдеттери эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляцияны эске алуу менен борбордогу коомдук жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жол кире акысын көтөрүү болуп саналат.

Төмөндөгүдөй тариф сунушталууда:

— Троллейбус — 15 сом;

— Автобус — 15 сом;

— Кичи автобус 21 сом (саат 06:00дөн 20:30га чейин 21 сом, 20:30дан 06:00гө чейин 32 сом);

— Экспресс кичи автобустар № 233, 234 — 22 сом, № 123, 226, 252 — 32 сом;

Автобус менен троллейбуста жүк ташууга (40 килограммдан ашык) — 10 сом;

Долбоордо шаардык каттоодо турган жарандардын төмөнкү категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто акысыз жүрүү укугун белгилөө сунушталат:

— пенсионерлер;

— биринчи, экинчи, үчүнчү топтогу майыптар;

— бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

— «Кыргыз почтасы» ААКтын почтальондору өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жана 7 жашка чейинки балдар.