Бишкекте жол акыны уруксатсыз 15 сомго көтөргөн айдоочулар жазага тартылат

Маршруттук таксилердин айдоочулары шаар ичиндеги жол акыны уруксатсыз 15 сомго көтөргөн фактылар болууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жол акыны уруксатсыз көтөргөн фактылар боюнча мыйзамга ылайык жазага тартыларын шаар башкармалыгынан эскертишти. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги “Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүн жана жүктөрүн коомдук транспортто ташуу тарифтери жөнүндө” токтомуна ылайык, жол кире 10 сом бойдон экени маалымдалат.

Мэрия маршруттук таксилердин айдоочулары тарабынан жол кирени көтөрүп алууга күбө болгон шаардыктардан 0554 182 185 номурунун Ватсап мессенжери аркылуу видеофактыларды жөнөтүүнү өтүнөт.