Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына анын ичиненУкук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга ылайык, бүгүнкү күн, 28-февралдан тартып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы (Укук бузуу кодексинин 177-180-беренелерине жана 182-200-беренелерге салынган айып пулдар) эреже бузууларга салынган кошумча туумдар жокко чыкты. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Демек, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөгөн учурда, ага карата кошумча туум кошулчу. Бүгүндөн тартып, айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.