Царикаев аты менен таанымал болгон белгилүү жол тескөөчү Мирлан Таалайбеков мэриянын Муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп дайындалды.
Муниципалдык инспекция жашылдандырууну, санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөйт.
«Мирлан Таалайбеков бул кызматка дайындалганга чейин Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматында иштеди. Ал Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын инспектору, милициянын лейтенанты кызматтарын аркалаган. Кызмат учурунда өзүн жоопкерчиликтүү, принципиалдуу кызматкер катары көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.