Жол эрежесин бузгандыгы боюнча билдирүү почта аркылуу эле эмес, SMS аркылуу да келе баштайт

Жол эрежесин бузгандыгы боюнча билдирүү санариптештирилет. Аталган мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Демилгеленип жаткан долбоордо кат почта аркылуу эле эмес, онлайн, SMS аркылуу да келиши күтүлүүдө.

Азыр мындай каттар жарандардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн колуна жеке тапшырылат. Аларды даярдоого жана жеткирүүгө министрлик 5 жыл ичинде 95,8 миллион сом сарптаган.