Жол кире 140 сом. «Манас» аэропортуна каттай турган автобус ишке кирет

Бишкек шаарында 8-июлдан тарта №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы иштеп баштайт. Каттамдын акыркы аялдамалары 12-кичи райондо жана “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашат. Каттамды “Isuzu” үлгүсүндөгү, 12 метрлик, 3 эшиктүү, 17 даана заманбап автобус тейлейт. Аралыгы 10-12 мүнөттү түзөт.
Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт. Буга байланыштуу тариф дагы башкача. Бишкек шаарынын мэриясынын 4-июлдагы токтомуна ылайык №153 муниципалдык автобуста жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом.
Каттамды тейлеген автобустар кондиционер жана накталай эмес төлөм аткарууга керек жабдуулар менен жабдылган.