Жол кире көтөрүлбөсө, анда маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтотушат

Эгерде Бишкек шаардык кеңеши маршруттук таксилердин жол киресин 15 сомго жогорулатып бербесе, анда айдоочулар 15-январдан тартып ишти токтотобуз деп жатышат. Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын башчысы Алтынбек Доспаевдин айтымында, коомдук транспорттун тарифи 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. “8 жыл мурда күйүүчү май 22 сом болчу, азыр 36 сом. Тетиктер да кымбаттап жатат”, — дешти маршруттук таксилердин айдоочулары.

Алардын арыз-арманын уккан вице-мэр Азизбек Алымкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, шаардык кеңештин депутаты Сайдахмат Исмаилов кыска убакыттын ичинде тарифти өзгөртүп коюу мүмкүн эместигин айтышты. “Мыйзам бар, процедура бар. Андан кийин гана Бишкек шаардык кеңеши бул маселени кароого даяр”, — деп жооп беришти алар.

Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Эрлан Атантаевдин айтымында, азыр көбү кыйналып турат, эгерде жол кире кымбаттай турган болсо, анда эл эртең көчөгө чыгат. “Алар мэрия менен шаардык кеңеш элге каршы дешет. Мунун баары коомдук тартиптин бузулушуна алып келет”, — деди Атантаев.