Жол кирени көтөрүү: кайсы учурда тариф көтөрүлбөйт? Бишкек мэриясынын жообу

Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире көтөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Борбордогу коомдук транспортто жол кире акысы:
— троллейбуста — 17 сом;
— автобуста — 17 сом;
— маршруткаларда — 20 сом;
— валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай акча менен төлөөдө – 20 сом.
Ошол эле учурда жарандар MegaPay тиркемеси аркылуу төлөшсө, жол кире акысы 11 сомду түзөт, анткени MEGA мамлекеттик ишканасы муниципалитетке 6 сомду кайтарып берет.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы MEGA мамлекеттик ишканасы менен меморандум түзгөн, ошондой эле башка кызыкдар компаниялар менен кызматташууну пландап жатат. Тарифтердин көтөрүлүшү Бишкек шаарынын коомдук транспорт системасын өнүктүрүү үчүн зарыл чара болуп саналат.

Жаңы тариф борбор калаанын пенсионерлерине эч кандай таасир этпейт жана алар үчүн мурдагыдай эле калат. Алар муниципалдык транспортко (автобус, троллейбус) акы төлөөдөн толугу менен бошотулган, ал эми кичи автобустарда 8 сомдон жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.