Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков кызматынан бошотулду.
ИИМдин маалыматына караганда, 4-ноябрда өткөн коллегиянын жыйынында ички иштер органдарынын 2025-жылдын тогуз айындагы ишинин жыйынтыктары каралып, бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынган.
Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздай албаганы жана өлкөнүн бардык аймактарында жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кызматынан алынганы белгиленди.
Мындан тышкары:
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков кызматынан бошотулуп, ИИМдин Ички аудит кызматынын башчысы болуп дайындалды;
Ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы болуп дайындалды.
ИИМ билдиргендей, бул чечим бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, тартипти жана жетекчилердин жеке жоопкерчилигин күчөтүүгө, ошондой эле кадрдык ротация принциптерин ишке ашырууга багытталган.
Эске салсак, Жеңишбек Жоробеков ЖКККББны 2024-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген. Ал буга чейин да ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган.