Жол кырсыгын алдын алуу. Бишкек-Ош унаа жолу көзөмөлгө алынат

Жалал-Абадда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган комплекстүү иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-20-июнь күндөрү аталган облустун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу багытында комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт. Бүгүн Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, атайын тескеме бул багытта иш алып барчу кызматкерлерге тааныштырылган. Дубандын аймагында жол кырсыктарынын саны өсүп, анын кесепетинин каза болуп, денесинен жараат алган жарандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолу кызматкерлердин толук көзөмөлүнө алынат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун борбордук көчөлөрүндө транспорттук тартипти жөнгө салуу, жол кыймылынын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Кызматкерлер түзүлгөн графиктин алкагында жол эрежесин сактоо керектигин айдоочуларга эскертишүүдө.