Жол кырсыгына кабылган ырчы Самара Каримованын абалы айтылды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигиТоктогул районунда жол кырсыкка кабылган адамдардын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, ырчынын абалы туруктуу. Анын баш мээси чайкалган жана төш бөлүгүндөгү омурткасы сынган. Жолдошунун да баш мээси чайкалган, баш сөөгү жана баш мээсинен жабык жаракат алган. Абалы туруктуу. 

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кечээ, 26-июлда Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган. Кийинчерээк унаада ырчы Самара Каримова менен жолдошу да болгондугу маалым болгон.